• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Жээнбеков Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликтеги чараларды талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий