• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков: Токтогул ГЭСи — эң ири жана эң маанилүү электр станциясы

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Өлкөдөгү электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Анын ичинде Токтогул ГЭСи — эң ири жана эң маанилүү электр станциясы. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышып жаткан учурда билдирди.

Анын айтуусунда, Токтогул ГЭСинин өлкөбүз үчүн мааниси зор.

«Өлкөдөгү бардык электр станциялары чыгарган энергиянын 40 пайызы ушул жерден иштелип чыгат. Анын кубаттуулугу 1 200 МВатты түзөт. Бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жакын энергия чыгарат. Муну менен катар, Токтогул суу сактагычы — Борбордук Азиядагы эң чоң суу топтогучтардын бири. Ал биз үчүн гана эмес, жакынкы коңшулар үчүн да сугат суунун булагы катары кызмат кылат», — деп, ушуга байланыштуу, ГЭСтин эл аралык мааниси да түшүнүктүү экендигин кошумчалады өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, учурда президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий