• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

 Президент Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Эске салсак, 1993-жылы 10-майда улуттук валюта — сом жүгүртүүгө киргизилген.

Мамлекет башчысы Улуттук банктын төрагасын жана банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин Кыргызстандын банк кызматкеринин күнү менен куттуктап, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмгектенүүнү каалады.

Толкунбек Абдыгулов Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өлкөнүн региондорунда накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банк карталарын, банкоматттарды, төлөм терминалдарын жана POS-терминалдарды пайдаланууну жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана алдыда турган милдеттер жөнүндө кыскача маалымат берди. Андан тышкары, ал «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси тууралуу айтып берди. Ал аркылуу «Элкарт» төлөм картасынын ээлери коммуналдык кызматтар үчүн жана башка төлөмдөрдү жасай алышат.

Улуттук банктын төрагасынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча төлөм карталарынын саны 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөн жана 2,4 млн даанага жеткен. Төлөм карталары менен 38 млн операция жүргүзүлгөн, өсүш 32 пайызды түзгөн. 2019-жылдын башына карата бардыгы болуп 1 583 банкоматтар иштейт, өсүш 12 пайызды түздү, ошондой эле 10046 POS-терминалдар бар — өсүш 21,3 пайызга жеткен. Төлөм терминалдарынын өсүшү 31,5 пайызды түздү, 2019-жылдын башына карата алардын саны 1606 даана болду.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 22-апрелинде Ош шаарында өткөн «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумда айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жана мобилдик банкингди тезирээк өнүктүрүүнүн маанилүү экенин айтты. Ал ар бир айыл өкмөтүн банк инфраструктуралары менен камсыз кылуу жана өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында региондордогу калкка банк кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Толкунбек Абдыгулов «2019-жылды Региондору өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында Улуттук банк Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду жана «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому менен бирге Баткен, Талас жана Нарын облустарында старт-ап долбоорлорун каржылоо программасын иштеп чыкканын айтты. Бул программанын алкагында жергиликтүү дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү боюнча старт-ап долбоорлорду каржылоого 1 млн АКШ долларын бөлүү каралууда. Бул программанын катышуучулары үчүн насыяларды берүүнүн жеңилдетилген талаптары каралган, ошондой эле күрөө менен камсыз кылуу да жеңилдетилет. Андан тышкары, республикадагы бардык 453 айыл өкмөттөрүндө банкоматтарды жана POS-терминалдарды орнотуу боюнча иштер башталды.

Жолугушууда ошондой эле банктарды «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошуу, банк кызматтарын көрсөтүүдө жаңы технологияларды колдонуу, насыялардын үстөгүн азайтуу, эл аралык акча которууларды жүргүзүү учурундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий