• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков визит менен Францияга барат – Айдарбеков

Саясат 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков визит менен Францияга барат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков менен КРда расмий визити менен жүргөн Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан жолугушуу өткөрүшкөн.

Айдарбеков билдиргендей, тараптар Жээнбековдун Францияга жасай турган визитин талкуулашкан.

“Убактысы дипломаттык канал аркылуу талкууланат. Аталган визиттин мазмундуу маңызын иштеп чыгуу керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий