• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдерибиздин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, Экинчи Дүйнөлүк Согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулады.

Мындан сырткары, Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий