• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту — эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сапардын алкагында ал Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү.

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий