• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй областына жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы райондун жашоочуларына мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.

Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаты ички миграцияны кыскартууга, жер-жерлерде ишкердикти колдоого, экспорттук дараметти жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жагымдуу инвестициялык климат түзүү менен бизнести, айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн салык жагынан колдоо боюнча абдан көп иштер аткарылганын белгиледи.

Ошондой эле кээ бир калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарды автоматташтыруу, бажы жана салык органдарынын ишин санариптештирүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, курулуш жана ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды өнүктүрүү механизмдери менен административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылганы тууралуу айтып берди.

Өлкөнүн финансылык институттары тарабынан регионалдык долбоорлорду каржылоонун үлүшү көбөйтүлгөнүн кошумчалады. Эгерде 2017-жылы региондого берилген кредиттердин үлүшү 53 пайызды гана түзсө, бүгүнкү күндө кредиттердин 72 пайызы өлкөнүн региондоруна жиберилген. Аймактагы ишкерлерди каржылоонун алкагында, өткөн жылы жалпысынан 26,5 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилген.

Президент улуттук долбоорлор тууралуу, өзгөчө сугат объекттерин жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча кеңири айтып берди. Кыргыз Республикасынын ирригация боюнча Мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында 2017-2026-жылдарда 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт. 51 миӊ гектар жердин мелиоративдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миӊ гектар жер насостук сугаруудан өз нугу менен сугарууга өтүп, кошумча 245 миӊ жумушчу орду түзүлөт.

2024-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарында калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилип, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана модернизациялоо ишке ашырыларын эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой артыкчылыктуу багыттардын ичинде жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин көтөрүү, энергетика, медицина, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча иштерди белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү, соттук-укуктук реформанын алкагында сот системасынын жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатуу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий