• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жээнбеков жазында расмий визит менен Венгрияга барат

Саясат 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын апрель айында расмий визит менен Венгрияга барат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто билдирди.

Анын айтуусунда, венгер тарап президенттин визитин кубануу менен кабыл алат.

«Алдыда күтүлүп жаткан сапар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болот деген ишеничтебиз», - деген Сийярто.

Пикир

Оставить комментарий