• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент Жээнбековдун АКШнын Нью-Йорк шаарына болгон визити аяктады - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында иш визити менен болду.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, жубайы менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачты.

Фотокөргөзмөдө БУУнун китепканасында мындай иш чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы белгиленди.

Китепканада Мамлекет башчысы Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен каза тапкан адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду.

Мамлекет башчысы визиттин жүрүшүндө БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде болуп, анын кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий