• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент Жээнбековдун биринчи чет элдик иш сапары Россияга болот

Президент 0

Бишкек, 28.22.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун биринчи чет элдик иш сапары 29-ноябрда Россияга болот. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Ал билдиргендей, сапар Россия тараптын чакыруусу менен болот.

“Бул Сооронбай Жээнбековдун президент катары биринчи иш сапары. Ал тышкы саясий багыт Россия менен өнөктөштүктү бекемдетүүгө жана тереңдетүүгө багытталганын билдирет”,-деди ал.

Субакожоева кошумчалагандай, сапардын алкагында Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу пландалууда. Тараптар кызматташуу жана актуалдуу маселер боюнча пикир алмашат.

Андан сырткары, Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп, тараптар соода-экономикалык маселелерди талкуулашат.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти кызматына расмий түрдө 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.

Пикир

Оставить комментарий