• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбековдун Ош облусуна, Араван районуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 10-11-июнда эки күндүк иш сапары менен Ош шаарына жана Араван районуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бүгүн, 11-июнда, Президент Араван районундагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоорлорду ишке ашыруу 2654 га жерде суунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле жыл сайын суу жоготууларды азайтууга, Араван районунун Керкидан жана Эсенбай, Ноокат районунун Кур-Таш жана Каримберди айылдарынын үч миңдей жашоочусун таза суу менен камсыз кылууга өбөлгө болот.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Араван районундагы экспортко багытталган жана түшүм жыйноо мезгилинде миң адамга чейин жумуш менен камсыздай алган ири мөмө-жемиш багын көрүп чыгып, «Холбеков Акбарали» фермердик чарбасынын ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысы жаратмандык эмгеги үчүн ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба продукциялары менен тышкы рыноктордо алдыңкы орундарды ээлей алаарын дагы бир жолу баса белгилеп, өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө маанисине токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын жыйынтыгында Араван районунун тургундары менен баарлашып, аларга аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаты, аймактардын кайра иштетүү секторуна, экспорттук потенциалына колдоо көрсөтүү, өлкөнү санариптештирүү, коңшу өлкөлөр менен достук мамилени бекемдөө боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий