• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Жээнбековдун Токтогул районуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарын баштады.

Биринчи күнү Мамлекет башчысы Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту, аларга аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана максаттары жөнүндө айтып берди.

Облустардагы кичи жана орто ишкерликти колдоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу, агроөнөржай комплексин өнүктүрүү, калк үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Жергиликтүү тургундар таза суу, электр энергияга тарифтер, жолдорду, мектептерди, медициналык жана спорт объектилерин куруу жана оңдоп-түзөө, социалдык төлөмдөр, жер тилкелеринин жетишсиздиги, жерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, алар Мамлекет башчысына жеке мүнөздөгү, анын ичинде жазуу түрүндө дагы суроолору менен кайрылышты.

Токтогул районунун жашоочуларынын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков жана ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Мындан тышкары, иш сапарынын биринчи күнү Мамлекет башчысы тигүү цехинин ишмердиги менен таанышып, бал азыктарынын көргөзмөсү жана Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий