• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент жер казынасын пайдаланууда ачык-айкындуулукка жетүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтүнө кендерди иштетүүгө берилген лицензияларды талдоого алып, инвентаризация жүргүзүү тапшырылды. Мындай чараларды Сооронбай Жээнбеков сунуштады.

Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып мамлекет башчы бул кийинкиге калтырууга болбой турган маселе экенин айтты.

"Көз карандысыздык жылдары кендерди пайдалануу укугу боюнча жалпы 2 миң 571 лицензия берилген. Геологиялык изилдөө жана дээрлик баардык алтын кендерин өздөштүрүүгө уруксаттар жеке компанияларга берилген", - деди президент.

Бирок президент белгилегендей, көп учурда кен боюнча уруксат берүүдө мамлекет менен коомчулуктун кызыкчылыгы эске алынган эмес.

"Тескерисинче айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыгын коргоого артыкчылык берилип келген. Жыйынтыгында лицензия берилип, бирок кен иштетилбеген жагдай түзүлгөн. Жылдан жылга колдо турган лицензиялардын көбөйгөнү байкалууда. Тармакта лицензиялар менен спекуляция кылуу өрчүгөн", - деди ал.

Мамлекет башчы, ал жылчыкты табып алгандар коррупциялык схемалар боюнча лицензияга ээ болушуп, аларды сүткөр баада саткан же кийин кымбат сатуу үчүн өзүндө сактап турганын кошумчалады.

"Мындан улам 2018-жылы лицензия берүүнү тыкыр талдап, инвертаризация жүргүзүүнү тапшыргам. Алардын жыйынтыгы менен биз ачык-айкындуулукка жетебиз. Бирок лицензияны кармап туруу үчүн төлөм алуу абалды жакшырткан жок. Кенди иштетпей лицензияны кармап туруу үчүн акча төлөө жеңил болуп чыкты", - деди Жээнбеков.

Буга байланыштуу ал тийиштүү мыйзамдарга тоо-кен тармагында ачыктыкты, таза атаандаштыкты камсыздай турган өзгөртүүнү болушунча эртерээк киргизүү керектигин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин отуруму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күн тартибинде жер казыналарын иштетүү тармагында коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий