• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жергиликтүү кеңеш мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоого жөндөмсүз экенине нааразы

Президент 0

Бишкек, 23.01.18. /Мехриниса Сулаймановаа – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз аймактарынын маселелерин чечүүгө жөндөмсүз экенин билдирди. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отурумунда мамлекет башчы түз мамлекеттик башкаруу киргизүү зарылдыгы пайда болгонун белгиледи. Тагыраагы кеңештердин укуктары мезгилинде.

“Мыйзамда каралганы менен түз башкаруу бир дагы жолу колдонулган эмес”, - деди өлкөнүн президенти.

Жээнбеков ошондой эле акыркы убакта жергиликтүү кеңештер айыл башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоого жөндөмсүз экенин көрсөткөнүнө нааразы болду.

“Натыйжада жергиликтүү парламенттерди таратып, кайра шайлоо өткөрүүгө туура келүүдө. Бул саясий оюндар кайра шайлоолордо миллиондогон чыгымдарга алып келет”, - деп белгиледи мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий