• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын дайындады

Президент 0

Бишкек, 05.10.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык жети талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президент Садыр Жапаров жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Нарын облусу

Ат-Башы райондук соту

Шерипов Улан Турганбекович;

Ысык-Көл облусу:

Тоң райондук соту

Талантбекова Аида Талантбековна;

Балыкчы шаардык соту

Ысаков Элдияр Пазылович;

Талас облусу

Кара-Буура райондук соту:

Асанова Элмира Орозобековна;

Асилова Индира Ашимжановна;

– Бишкек шаары

Ленин райондук соту:

Алиев Авчи Мустафаевич;

Осмонов Баимбек Абдилакович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий