• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктарга ылайык:

  • Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке - генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке - генерал-майор наамы берилди;
  • Шаршеев Уларбек Зарлыковичке - генерал-майор наамы берилди.

Пикир

Оставить комментарий