• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Реформа жүргүзүүгө негиз түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жаңы жыл алдында Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, 2018-жыл жалпысынан натыйжалуу болгонун белгиледи.

Ал мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттин өнүгүшүнө жана элдин бакубатчылыгына багытталган эриш-аркак иш-аракетин белгилеп өттү.

"2018-жылы пландар коюлуп, өлкөнүн бардык жашоо тармагында реформаларды жасоого негиз түзүлдү. Алдыбызда бул пландарды ишке ашыруу, мамлекетти өнүктүрүү, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чоң милдеттер турат", — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өлкөгө өнүгүүнү, ал эми кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий