• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент Жогорку соттун төрайымынын ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу жөнүндө ЖКга сунуш берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуш берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калмаматов билдирди.

Ал бул маселени күн тартибине кошууну өтүндү.

Эскерте кетсек, мындан мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалымат тутумун жайылтууда коррупциялык факты боюнча Жогорку соттун кызмат адамына карата кылмыш иши ачылганы тууралуу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий