• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жумабеков, Абылгазиев жана Калиева менен жолугушту – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий