• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президентке Бишкектеги Ботаникалык бакты реконструкциялоо долбоору тааныштырылды

Президент 0


Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы жана реконструкциялоо пландары менен таанышты.

Ушул эле жерде бүгүн президенттин администрациясынын, президенттин иш башкармасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өттү.

Мамлекет башчысына реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган учурда бактын аймагында эки кабаттуу административдик имарат, бир нече чарбалык имараттар, трансформатордук көмөкчордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объекттер оңдолору маалымдалды.

Ошону менен бирге аймактагы транспорттук схема өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирилет, ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналар заманбап стандарттар боюнча жакшыртылмакчы.

Ботаникалык бактын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий иштер боюнча да маалымат берилди.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек.

Мамлекет башчысы алгачкы этапта Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын филиалын (5 гектар) реконструкциялоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, ал шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин белгиледи.

Маалымдама: Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин 1938-жылдын 13-мартындагы №336 Токтому менен негизделген. Ага быйыл 85 жыл толду.

Бул жергиликтүү флораны изилдеп, аны дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрүн интродукциялоо менен байыта баштаган баштаган республикадагы биринчи илимий-изилдөө мекемеси.

Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий