• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.

Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий