• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президентке караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш биринчи жыйынын өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. КРнын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдун жетекчилигинин алдындагы биринчи жыйынын өткөрдү. Кеңештин мүчөлөрү Президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик кеңештин жобосу менен таанышып, негизги милдеттер талкууланып жана бөлүштүрүлүп, 2018-жылдын аягына чейинки иш планы каралды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Эксперттик кеңештин негизги милдети — санариптик транформациялоого байланыштуу маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу. Эксперттик кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргызстан катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат», — деп белгиледи Дастан Догоев.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш 2018-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш Кыргызстанда санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлдү.

Эксперттик кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрүп, аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат. Ошондой эле санариптик трансформациялоo маселелери, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуy шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик трансформациялоo менен байланышкан башка мас елелер боюнча сунушrтамаларды иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий