• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президентке кат жолдогон жалал-абаддык окуучу белек алды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында президентке кат жолдогон окуучу белек алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 4-класста окуган Атабек Буржиев президент Садыр Жапаровго кат жазып, Жаңы жылга белек сураган.

Бүгүн, 28-декабрда өлкө башчысынын жиберген белегин окуучуга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырды.

Калаа башчысы Атабектин окууларына ийгиликтерди каалап, кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Атабек белекти алууга апасы жана карындашы менен келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жиберген белегине ыраазычылыгын билдирип, жаңы жылдык куттуктоосун жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий