• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президентти шайлоо жана референдум. 11 шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөө урналары жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. 11 шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөө урналары жок. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан 11 шайлоо участогунда байланыш жок. Буга байланыштуу автоматтык эсептөөчү урналар коюлган жок.

“Бул участоктордогу бюллетендер жакынкы автоматтык эсептөөчү урналары бар участокторго жеткирилет. Калган райондордун бардыгында автоматтык эсептөөчү урналар бар. Белгилей кетүүчү нерсе, 6900 оператор окуудан өтүп, шайлоо участокторуна бөлүштүрүлгөн. Бардык участоктордо автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктарын алуу үчүн тестирлөө өткөрүлгөн”, - деди Шайлдабекова.

Пикир

Оставить комментарий