• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президентти шайлоо жана референдум маселеси боюнча жарандар call-борборго кайрыла алат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө 2021-жылдын 9-10-январында Кыргыз Республикасынын президентинин шайлоосун жана референдумду өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн, 9 жана 10-январда, эртең мененки саат 07:30дан тарта иш алып барат.

Белгилей ккетсек, Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоочулардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.

Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдай алат.

«Түз байланыш» телефондору: (0312) 66 28 58, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Эскертсек, көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар «Кыргызтелеком» ААК Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан – акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.

Пикир

Оставить комментарий