• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттик администрациянын башчысы өкмөттү жетектейт – Бөрүбашев

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы долбоору боюнча президенттик администрациянын башчысы өкмөттү жетектейт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Бөрүбашев президентке көп ыйгарым укук кетип калды деп айтып жаткандарга токтолду.

"Президенттин 5-6 функциясы бар. Ал мамлекеттин башчысы, аткаруу бийлигинин башчысы, ички жана тышкы саясатты аныктайт, мамлекеттик бийликтердин ынтымакта иштешине кам көрөт. Ошондой эле президентти аткаруу бийлигинин үстүнө коюп жатабыз. Аткаруу бийлигинин ишине президент башы менен жооп берет деген жобо турат. Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле убакта президенттик администрациянын башчысы болот. Бир адам эки кызматта отурат. Анткени биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Экинчиден, буга чейин көп маселелерди президенттин аппараты чечип келген, бирок баарына өкмөт жооп берген", - дейт ал.

Бөрүбашев кошумчалагандай, президент мыйзам бузса, бийлик органдарынын ишине кийлигишсе ага импичмент жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий