• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттик башкаруу. Депутаттар жаңы Конституциянын долбоорунда эмнени сунуштап жатат?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. 17-ноябрь күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген. Депутаттар жаңы Конституция боюнча референдумду президенттик шайлоо менен бирге 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, Конституциялык реформанын зарылчылыгы көптөгөн факторлор, анын ичинде колдонуудагы Конституциянын жоболорунда орун алган карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталган. Көрсөтүлгөн жагдайлар экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө реалдуу жылыштарды камсыз кылбайт, бул коом жана Кыргыз Республикасынын жарандары тараптан негиздүү сын-пикирди жаратат.

Элдин талаптарына ылайык «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу сунушталат, анын жоболору менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары – Конституция) жаңы редакцияда берүү сунушталат.

Иш жүзүндө колдонулгандыгын көрсөткөн конституциялык ченемдердин кыйла бөлүгүнүн укуктук багытын сактоо менен жаңы редакциядагы Конституциянын долбоорунун негизги новеллалары менен жарандардын бардык укуктарынын жана эркиндиктеринин багыттары боюнча топтоо жана тактоо, Элдик Курултай институтун киргизүү, өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоо, парламент институтунун сан жагынан курамын тактоо жана башкы мыйзамдык жаңычылдыктар сунушталат.

Алсак, мыйзам долбоору менен Элдик Курултай (Конституциянын 7-беренеси) формасында элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органын орнотуу сунушталат.

Элдик массалардын талаптарын эске алуу менен Конституциянын «Мамлекеттик бийликтин органдары» деген III бөлүмү кайра каралууга дуушар болду.

Алсак, «Президент» деген I главасындагы Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн президенттин институту өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ал мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес.

Пикир

Оставить комментарий