• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президенттик башкаруу формасын колдогондор өлкөнү кыдырууну пландоодо

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Президенттик башкаруу формасын колдогондор элге референдум туурасында маалымат берүү үчүн Кыргызстанды кыдырууну пландоодо. Бул тууралуу тегерек столдо коомдук ишмер Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешме өзүнүн ишин 1-январдан тарта улантат.

"Элге алгачкы жолу башкаруу формасын тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Буга чейин мындай болгон эмес. Өлкөнү каалагандай башкарып келишкен", - дейт ал.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Референдумга төмөнкү башкаруу формасын тандоо маселеси коюлат: президенттик республика; парламенттик республика; баардык варианттарга каршы.

Пикир

Оставить комментарий