• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоо. 8 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. 6 участкалык шайлоо комиссиясындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу КР Боршайкомун отурумунда шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы Төлөгөн Айтикеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кеп төмөнкү участкалык шайлоо комиссиялары тууралуу болууда: Нарындагы № 4037, Араван районундагы № 5493, Ысык-Ата районундагы № 7087 жана № 7131, Лейлек районундагы № 8004, Кадамжай районундагы № 8116.

Ошондой эле ал Токтогулдагы № 2238 участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылгандыгын айтты, ал жерде биометрикалык идентификациядан өткөн жарандардын саны боюнча 1 бюлеттень ашыкча болуп чыккан. Андан тышкары, Оштогу № 5555 участогунда коомдук байкоочулардан 4 арыз түшүп, анын негизинде жумушчу топ добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Ага 17 талапкер катышты. Алдын ала жыйынтык боюнча, 79% добуш менен Садыр Жапаров алдыга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий