• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ президенттик шайлоо боюнча 45 мыйзам бузуу фактысын каттаган

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ички иштер министрлиги президенттик шайлоо боюнча 45 мыйзам бузуу фактысын каттаган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуулардын ичинен Бишкек шаары боюнча 11, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 2, Нарында бир факты катталган.

"45 фактынын ичинен сегизи кылмыш иши боюнча катталган, бешөө сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылган. Ош шаарында Жазыктар кодексине бир факты катталган. Текшерүүдөн кийин ал кыскартылган. Бишкекте 2, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден, жалпы 4 факты добуш сатып алуу боюнча катталып, анын үчөө кыскарган. Жазыктар кодексинин уурдоо фактысы менен бир факты катталган. Ал өндүрүштө тергелип жатат. Ээнбаштык боюнча эки фактынын бирөө кыскарган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий