• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттик шайлоо: БШК дагы 42 эл аралык байкоочуну каттады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында 42 эл аралык байкоочуну КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитациялады.

Боршайкомдон билдиришкендей, 21-декабрга карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен 15 эл аралык уюмдардын атынан келген 120 эл аралык байкоочуну каттаган:

Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1;
Молдова БШКсынан – 2;
КМШ ПАА – 34;
КМШ Миссиясы – 4;
Азербайджан БШКсынан – 1;
ЕККУ ДИАУБ – 34;
РФ БШКсынан – 1;
К. Аденауэр атындагы фонд – 1;
КРдагы Япония элчилигинен – 2;
КРдагы РФ элчилигинен – 2;
КРдагы Монголия элчилигинен – 1;
КРдагы Азербайжан элчилигинен – 2;
КРдагы Өзбекстан элчилигинен – 2;
ТТӨКК (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен) – 6 байкоочу.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий