• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоо күнү БШКнын серверине дээрлик 80 миң хакердик чабуул жасалган

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. КР президенттин шайлоо күнү БШКнын серверине дээрлик 80 миңге жакын хакердик чабуул жасалган. Бул тууралуу журналисттерге БШКнын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, 1нен 14-октябрь күндөрү бардыгы болуп 39 миң 800 хакердик чабуул жасалган, бирок алардын бардыгы натыйжасыз болгон.

“Биздин система инешимдүү иштейт. Добуш берүү күнү дээрлик 80 миңге жакын чабуул жасалды. Саат 21:05 чамасында 18 миң 380 чабуул жасоо аракети катталды. Болжолдуу анализдин жыйынтыгы боюнча, бул аракеттер 26 өлкөдөн тараган. Бирок биздин система ишенимдүү иштейт”,-деди ал.

Шайлдабекова билдиргендей, бул чабуулдардын бардыгы өтө коопту болгон.

Пикир

Оставить комментарий