• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттик шайлоо кыргыз коомунун саясий бышыктыгын көрсөттү – ЕПАК байкоочусу

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кечээ Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо кыргыз коомунун саясий жактан бышып жетилгенин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн Европа Парламенттер Ассамблеясынын Кеңешинин (ЕПАК) өкүлү Дорис Фиала билдирди.

Анын айтымында, алар Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салышкан. “Кыргызстан парламенттик ассамблеянын демократия боюнча өнөктөшү жана ЕПАК миссиясын өзүнүн шайлоолоруна чакырууга милдеттүү”, - деди ал.

“Кечээ биз Бишкектеги жана аймактардагы шайлоо тилкелерине байкоочулардын 11 командасын жөнөттүк. Биздин байкоочулар шайлоонун ачык болуп, эл өз тандоосун жасоосуна көңүл бурушту. Кечээки шайлоодо биз кыргыз коомунун саясий бышып жетилгенин көрдүк. Шайлоо бир күн менен чектелбейт, бул шайлоо алдындагы кампанияны камтыган процесс”,-деди Фиала.

ЕПАК байкоочусу сөз эркиндигине жана каржылоо маселелеринин ачыктыгы маселелеринде майда чектөөлөр болгонун белгиледи. “Биз Кыргызстанды Европа парламенти менен тыгыз кызматташууга чакырабыз. Мен бул шайлоо боюнча өз отчетумду 24-октябрда Копенгагенде берем”, - деп билдирди ал.

ЕПАК өкүлү президенттик шайлоого бир гана аял катышканына өкүнүү билдирди.

Пикир

Оставить комментарий