• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президенттик шайлоо. Садык Шер-Нияз документтерин кайтарып алды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылып, 2021-жылдын 10-январына дайындалган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин чакыртып алуу боюнча арыз берди.

Эске сала кетсек, күн мурун, 30-ноябрда Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

Ошентип, учурда 45 талапкер калды:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  8. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  9. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  10. Кубан Чороев — экономист;
  11. Назарбек Нышанов — активист;
  12. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  13. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  14. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  15. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  16. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  17. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  18. Арсланбек Малиев - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  19. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  20. Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
  21. Курсан Асанов - ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  22. Бакир уулу Турсунбай - «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  23. Ербол Токтогулов - иштебейт;
  24. Имамидин Ташов - ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  25. М. Болгомбаев;
  26. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  27. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  28. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  29. Акжолтой Тукунов - «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  30. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  31. Айбек Эркетаев - убактылуу иштебейт;
  32. Санжарбек Энназаров - «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  33. Жаныбек Сүйүналиев - убактылуу иштебейт;
  34. Кубанычбек Исабеков - «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  35. Базарбай Темишов - пенсионер;
  36. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  37. Бакыт Керимбеков - КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  38. Бабыржан Тольбаев - «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  39. Адилет Маматов - «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  40. Кубанычбек Токтосунов - убактылуу иштебейт;
  41. Улукбек Кочкоров - убактылуу иштебейт;
  42. Элдар Абакиров - убактылуу иштебейт;
  43. Абдил Сегизбаев - убактылуу иштебейт;
  44. Мирлан Калыбеков - убактылуу иштебейт;
  45. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий