• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоо жана референдумду өткөрүүгө 538 млн сом сарпталды – БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүүгө алдын ала маалымат боюнча, 538 млн 20,1 миң сом сарпталды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого 551 млн 671 миң сом (кошумча 137 млн 290,3 миң сом), референдумга 39 млн 946 миң сом каралган.

Алдын ала маалыматка караганда, президенттик шайлоого 507 млн 248,1 миң сом, референдумга 30 млн 772 миң сом чыгымдалган. Алдын ала маалымат боюнча, шайлоого 538 млн 20,1 миң сом кетсе, 170 млн 989,6 миң сом үнөмдөлгөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий