• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат – БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, негизинен шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берилгенден кийин 20 күндүн ичинде жарыяланат. Бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болгондуктан шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу 14 күнгө кыскарды.

"Добушту саноо шайлоо бүткөндөн кийин 3 күн аралыгында бүтөт. Тактап айтканда, 14-январга чейин аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий