• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 2-январында түзүлүп, бардык шайлоо тилкелерине илинген. Ошондой эле шайлоочулар өзүн tizme.gov.kg сайтынан тактай алат.

Эң көп шайлоочулар Ош облусунда – 20%. Андан кийин Жалал-Абад, Чүй облусу жана Бишкек шаарында добуш бере турган жарандар басымдуулук кылат. Ал эми эң аз добушту Ош шаары жана Талас облусунун жарандары берет.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий