• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоодо добуш берүүнү жокко чыгаруу мүмкүн эмес – КР президенти

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. / Салтанат Абдраева - Кабар/. Президенттик шайлоодо добуш берүүнү жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттерге билдирди.

Өлкө башчысы билдиргендей, эл кимди тандаса, ошол президент болот.

Президент өз сөзүндө айткандай, эгерде экинчи турду өткөрүү керек болсо, анда Кыргызстан президенттик шайлоо боюнча экинчи турду өткөрөт.

“Эгерде мындай зарылдык келип чыкса, албетте, өткөрөбүз. Биз бир аз сабыр кылышыбыз керек болот”,-деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий