• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоодо күрөөгө коюла турган сумманы 1 миллион сом өлчөмүндө белгилөө сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште КСДП жана «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын демилгеси менен шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, ЖМК жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Жумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, А.Жунус уулу, А.Акматов, А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороевдин айтымында, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Андан сырткары, депутат Иса Өмүркулов иштеп жаткан мыйзамда кезектеги Президенттик шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленгенин, анткени Президенттин ыйгарым укуктары ошондо токторун, Жогорку Кеӊеш шайлоо күнүнө 4 айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындай турганын эске салды. «Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштыруу сунушталууда. Демек, кезектеги президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш», - дейт Иса Өмүркулов.

Суроо-жооп маалында депутат Алмамбет Шыкмаматов шайлоодо I, II тур, соттук териштирүүлөр сыяктуу жагдайларды эске алуу менен Президентти шайлоо мөөнөтүн 1-октябрга жылдырса туура боло тургандыгын айтты.

Иш-чаранын катышуучулары 2 миллион сомдук Президенттик шайлоого талапкерлер күрөөгө кое турган суммасы өтө жогору экендиги, муну менен бир катар ат салышам деген жарандардын укуктары корголбой кала тургандыгы боюнча жана 7% шайлоо босогосун 9%га жылдыруу дагы эртелик кылат деген пикирлер айтылды. Мындан сырткары, күрөө көлөмүн 500 миң, 1 миллион сом өлчөмүндө белгилөө боюнча сунуштар жаңырды.

Депутат Иса Өмүркулов мыйзам долбоору боюнча маанилүү талкуу жүрүп, олуттуу сунуш-пикирлер түшкөндүгүн, алар мыйзам долбоору комитеттин жыйынындагы талкууда эске алына тургандыгын билдирди.

Жыйынтыгында парламенттик угууда айтылган сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий