• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттик шайлоодо Лукашенко 80,23% добуш алды — Беларусь БШКсы

Дүйнө 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% добуш алды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Лидия Ермошина билдирди.

Добушканаларга шайлоочулардын 84% келди. Алардын 6% бардык талапкерлерге каршы добушун берди.

Кечээ жарыяланган мамлекеттик экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Александр Лукашенко президенттик шайлоодо добуштардын 79,7% алган. Светлана Тихановская добуштардын 6,8% гана ээ болгону кабарланган. Бул арада оппозиция өз эсебин жарыялап, анда тескерисинче Тихановская 80% добушка ээ болгону жарыяланды. Телеграм-каналдарда жана Твиттерде айрым шайлоо тилкелеринде көбүнчө Тихановскаяга ишеним көрсөтүлгөн протоколдордун сүрөттөрү жарыяланды. Тихановскаянын штабы расмий протоколдорго таянуу менен Минсктин 20дан кем эмес добушканасында Светлана ири айырма менен жеңишке жеткенин билдирди.

Минск шаарында жана Беларустун башка шаарларында шайлоо тилкелери жабылгандан кийин нааразылык акциялары башталды. Алар экзит-полдун жыйынтыктары фальсификацияланганын билдиришти.

Милиция демонстранттарга суу чачып, резина окторду жана башка атайын каражаттарды колдонду. Укук коргоочулар бир киши автозактын тебелендисинде калып өлгөнүн айтышууда. “Весна” укук коргоо борборунун маалыматына караганда, нааразылык учурунда 140тан кем эмес киши кармалды. Тергөө комитети жапырт башаламандык жана милицияга күч колдонуу фактылары боюнча кылмыш иштерин козгоду.

Пикир

Оставить комментарий