• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоодо шайлоочулардын 55% добуш берди - Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШКга автоматтык эсептөөчү урналар боюнча 98,32% шайлоо тилкелеринин жыйынтыктары келип түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Боршайкомдун төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал колго эсептөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

“Биз дагы үч тилкенин жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Чет өлкөлөрдөгү тилкелердин жыйынтыктары дагы чыга элек”, - деди ал.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өлкө боюнча жалпы 1 млн 692 миң 423 шайлоочу же 55,93% катышкан.

16-октябрга карата алдын ала жыйынтыктар:

Сооронбай Жээнбеков – 973 миң 219 добуш (54,81%);

Өмүбек Бабанов – 564 миң 573 добуш (33,74%);

Адахан Мадумаров – 108 миң 443 добуш (6,48%);

Темир Сариев – 42 миң 886 добуш (2,56%);

Талантбек Масадыков – 10 миң 594 добуш (0,63%);

Эрнис Зарлыков – 1 миң 531 добуш (0,09%);

Улукбек Кочкоров – 8 миң 363 добуш (0,5%)

Токтайым Умөталиева – 1 миң 426 добуш (0,09%);

Арсланбек Малиев – 1 миң 598 добуш (0,12%);

Азимбек Бекназаров – 2 миң 734 добуш (0,16%);

Арстанбек Абдылдаев – 1 миң 987 добуш (0,12%);

Баарына каршы добуш бергендер 12 миң 124 шайлоочу же 0,72%.

Аймактар боюнча:

Бишкек – 246 889 (57,86%);

Жалал-Абад облусу – 296 942 (54.41%);

Ысык-Көл облусу – 141 400 (54, 57%);

Нарын облусу – 89 873 (55,51%);

Ош облусу - 347 758 (58,83%);

Талас облусу – 79 488 (61,05%);

Чүй облусу - 252 039 (51,12%);

Баткен облусу - 126 766 (51%/;

Ош шаары (эң жогорку активдүүлүк) - 108 573 (68,145%).

Пикир

Оставить комментарий