• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоого 600дөн 1000 чейин эл аралык байкоочулар келээри күтүлүүдө – БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 06.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого көз салуу үчүн 600дөн 1000 чейин байкоочу келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайыма Нуржан Шайлдабекова журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө 500 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.

Ошондой эле Шайлдабекова билдиргендей, учурда Кыргызстандын бардык тилкелери шайлоо өткөрүүгө даяр.

Андан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө шайлоо системасындагы жаңылануу тууралуу айтып беришти.

БШКдан билдиришкендей, маалыматтык шайлоо системасы боюнча жобо иштелип чыгып, аны камсыз кылуу жана жакшыртуу программасы жакшыртылган. Андан сырткары, шайлоо күнү жана жыйынтык чыгаруу учурунда коомдук мониторинг жүргүзүүгө турган атайын эксперттик комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий