• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоого чейин эле КСДПнын талапкерине каршы кампания башталган - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 31.08.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Президенттик шайлоого чейин эле КСДПнын талапкерине каршы кампания башталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата куттуктоо сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Ал бул кампаниянын чакырыгы “Ким болсо ошол, бирок, КСДПнын талапкери эмес” экенин белгиледи.

“Эмне үчүн? Себеби КСДПнын талапкери Атамбаевдин жолун улантат. Себеби, өлкөнү коррупционер саясатчылардан тазалоо багытын улантат. Себеби, тышкы саясатта мындан ары да коңшу өлкөлөргө, Россия жана Кытай сыяктуу жакын мамлекеттерге артыкчылык берет. Себеби, рейдерликке жана мародерлукка, улутчулдукка жана сепаратизмге дагы да бөгөт коюу улантылат. Себеби, уруулук үчүн мындан ары да жоопко тартуу улантылат”, - деди мамлекет башчы.

Ал дал ушуга байланыштуу КСДПнын талапкерине каршы убактылуу өкмөттөгүлөр жана айрым бейөкмөт уюмдардан саясатчылар, коррупционерлер, олигархтар жана алардын ЖМКлары биригишкенин белгиледи.

Өлкө президентинин айтымында, өлкөдө жасалган бардык жакшы нерселерди таанышпай, бийликти каралап жатышат. Атамбаев бүгүн КСДПнын талапкеринин үй-бүлөсү тууралуу жомоктор чыгарылып жатканын айтты.

“Шайлоонун жыйынтыгын дискредитациялоого алдын ала даярданып жатышат. Акыркы жумаларда КСДПнын талапкерине жеңишти камсыздай турган административдик ресурс тууралуу сөз болууда. Бул талашсыз экени белгиленип, жада калса КСДПнын талапкери жеңип чыкса, башаламандыктарды уюштуруу да талкууланып жатат”, - деп кошумчалады ал

Алмазбек Атамбаев бүгүнкү шарттарда административдик ресурс эч нерсени чечпей турганын билдирди. Ал гана эмес, тескери натыйжа берет, анткени, эркиндикти сүйгөн калк жетекчиликке кызмат кылууну сүйбөйт.

Пикир

Оставить комментарий