• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттик шайлоого дагы 2 талапкер катыша тургандыгын билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 15ке жетти. Боршайкомдон “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Аймен Касенов жана Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин койду.

Буга чейин Кыргызстандын 13 жараны президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Алар А.Мадумаров, А.Абдылдаев, К.Чороев, Н.Нышанов, Б.Асанов, Б.Бакетаев, К.Исаев, А.Сыдыков, С.Турдумалиев, Н.Мотуев, Р.Тагаев, Ж.Байгуттиев жана К.Сооронкулова.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий