• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бюллетендеги номуру аныкталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. КР БШКга караштуу Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ КР президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Анын жыйынтыгы боюнча шайлоо бюллетендериндеги ырааттама төмөнкүдөй болду:

1. Жапаров Садыр Нургожоевич;

2. Исаев Канатбек Кедейканович;

3. Арстанбек Мыктыбек;

4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;

5. Ташов Имамидин Асамидинович;

6. Тагаев Рашид Бакирович;

7. Сегизбаев Абдил Кенешевич;

8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;

9. Касенов Аймен Абдыталипович;

10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;

11. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;

12. Абакиров Эльдар Курманбекович;

13. Асанов Курсан Сатарович;

14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;

15. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;

16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;

17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;

18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Чүчүкулакка КР президентине катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий