Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Темирлан Ормуков арыз тапшырды.
Ормуков 1976-жылы 19-июнда төрөлгөн.
Буга чейин БШКга арыз тапшырган талапкерлер:
- Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
- Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
- Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
- Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
- Арстан Алай — активист;
- Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
- Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
- Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
- Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
- Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
- Кубан Чороев — экономист;
- Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
- Назарбек Нышанов — активист;
- Нурлан Мотуев — активист;
- Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
- Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
- Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
- Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
- Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
- Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
- Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
- Жамбылбек Камчиев – куудул.
- Арсланбек Малиев Касымакунович - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
- Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
- Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
- Куттуумидин Базаркулов - «Дербиш фондунун директору»;
- Анар Зарипова - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.
- Курсан Асанов - ички иштер министринин мурдагы орун басары;
- Бакир уулу Турсунбай - «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
- Марат Кайыпов – убактылуу иштебейт (мурдагы юстиция министри);
- Карагач Исмаилова - №44 мектептин мугалими;
- Турсунбек Жумабеков
- Ербол Токтогулов - иштебейт;
- Имамидин Ташов - ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
- М. Болгомбаев;
Пикир
Оставить комментарий