• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 40тан ашык кайрылуу түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна саат 15:00гө карата 40тан ашык кайрылуу түштү. Бул тууралуу брифинг учурунда президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы парламенттик шайлоодо 500дөн ашык кайрылуу түшкөн.

"Саат 15:00гө карата түшкөн чалуулардын көпчүлүгү №2 форма, паспорттогу көйгөйлөргө байланыштуу болгон", - дейт ал.

Сall-борборунун номерлери:

(0312) 66 28 58;
(0312) 66 28 51;
(0312) 96 14 54;
(0312) 96 03 11;
факс: (0312) 66 61 97.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүнкү күндө шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча 78 факты каралганын айтат.

"68 факты боюнча ИИМ тарабынан чечим чыккан. 9у өндүрүштө каралууда. Алардын жетөө кылмыш, экөө жоруктар. Бүгүн шайлоо башталгандан бери жалпы 8 маалымат келип түштү. Бишкек боюнча жети, Ошто бир. Ал боюнча текшерүү иштери жүрүүдө", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий