• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 400 млн сом каралган – Каржы министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Президенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 400 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, анын ичинен 140 млн сом Мамлекеттик каттоо кызматына, 260 млн – БШКга бөлүнгөн.

КР МКК төрагасынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, учурда смета түзүлүп жатат.

“Бирок, бюджеттеги каражаттар МКК үчүн зарыл өлчөмдө каралгандыгын белгилей кетүү керек. Бизде негизинен каражаттар шайлоодо иштеген операторлордун айлыгына жана принтер материалдарына сарпталат”, - деп түшүндүрдү ал "Кабар” агенттигине.

Өз кезегинде БШК бюджетте аларга каралган каражаттар Боршайкомдун шайлоодогу чыгымдарын жаба тургандыгын билдиришти.

“Мында шайлоонун экинчи турун өткөрүү мүмкүндүгүн эске алуу керек. Бизге бөлүнгөн 260 млн сомдо экинчи турга каражаттар да камтылган. Эгерде каражаттар ашса, алар бюджетке кайтарылат”, - деп билдирди БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий