• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президенттик шайлоону өткөрүүгө дээрлик 550 млн сом керектелет – БШК башчысы

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү үчүн 549 млн 161 сом керектелет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы бул сумманын 347 млн 992 миң сому бөлүнүп берилиши керек, калганы 2021-жылга каралган.

“Биз бул боюнча Финансы министрлигине маалымат бергенбиз. 347 млн сомдун 211 млн сому биздин ушул жылдагы бюджетте каралган каражаттарынын калдыгында бар, ал эми калган 147 млн сомду бөлүп берүүнү өтүнөбүз”, - деди ал.

Финансы министри Кыялбек Мукашев билдиргендей, БШКнын финансисттери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 136,5 млн сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий