• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик шайлоонун экинчи туру кайсы учурда өткөрүлүшү мүмкүн? БШКнын жообу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун экинчи туру кайсы учурда өткөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.

Анын айтымында, эгерде президенттикке талапкерлердин бири дагы шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы санынын 50%дан ашык добушун ала албаса, анда экинчи тур өткөрүлөт.

Экинчи турга эң көп добуш алган эки талапкер катышат.

Кайра добуш берүү шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде дайындалат. Шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүн ичинде жарыяланууга тийиш.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий